SerepTV Logo

БШК: "Референдум өткөрүүгө 55 миллион сомдон ашык каражат сарпталат"

БШК: "Референдум өткөрүүгө 55 миллион сомдон ашык каражат сарпталат"
Жаңы Конституциянын долбоору боюнча өтчү референдумга 55 миллион 642 миң 300 сом бөлүнмөкчү. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты. Комиссия кечээ, 14-марттагы жыйында чыгымдарды бекиткен. Акча каражаты төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
  • айлык акы — 5 758 660 сом;
  • Соцфонд (17,25 пайызы) — 848 740 сом;
  • иш сапарлар — 11 545 600 сом;
  • байланыш кызматы — 900 000 сом;
  • транспорт чыгымы — 1 300 000 сом;
  • чарбалык максаттарга керектелчү материалдар — 4 000 000 сом;
  • башка чыгымдар — 31 289 300 сом.
11-апрелде жергиликтүү кеңешке да шайлоо өтөт. Эки процесске 425 миллион сом каралганы маалым болду.
edita