БШК парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады
Бүгүн, 15-декабрда БШК жыйынында парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Маалыматка караганда, 21 партиянын ичинен босого чектен 6 партия өттү.
Жеңишке жеткен алты партиянын алган мандаты төмөндөгүдөй:
"Ата-Журт Кыргызстан" — 15 мандат;
"Ишеним" — 12 мандат;
"Ынтымак" — 9 мандат;
"Альянс" — 7 мандат;
"Бүтүн Кыргызстан" — 6 мандат;
"Ыйман нуру" — 5 мандат.
Аларга 1 миллион сом шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы урнадан алынган маалыматтар менен кол санактын маалыматтары дээрлик бирдей экендигин белгиледи.