SerepTV Logo

БШК: Чүй облусу мыйзам бузуу боюнча алдыда

БШК: Чүй облусу мыйзам бузуу боюнча алдыда
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоонун жүрүшү тууралуу жыйында маалымат берди. Саат 17:30га чейин ыкчам чара көрүү кординациялык тобуна жалпы 29 мыйзам бузуу келип түшкөнүн, эң көп мыйзам бузуу Чүй облусунда катталганын билдирди. Анын айтымында, добуш сатып алуу - 2, административдик ресурс колдонуу - 1, шайлоочуларды ташуу - 1, УШК мүчөлөрүнүн аракети - 6, автоматташтырылган башкаруу системасынын иштен чыгуусу - 9, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу - 1, үгүт шарттарын бузуу - 7 жана башка - 2 арыз катталган.  «Эң көп мыйзам бузуулар Чүй облусунда – 11, ошондой эле Баткенде – 4, Бишкек шаарында – 7, Ош – 5, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунда – бирден катталды», - деди БШКнын төрагасынын орун басары. Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00дө ачылган. Кечки саат 20:00дө добуш берүү аяктайт.
Unknown Author