SerepTV Logo

БШК 5 округ боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын карайт

БШК 5 округ боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын карайт
Бүгүн, 5-декабрда саат 17:00дө Борбордук шайлоо комиссиясы №13, №16 жана №30-округдардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын карайт. Мындан сырткары, №3 жана №22 округдарынан катышкан талапкерлердин өкүлдөрүнүн арыздары каралат. Күн тартибине ылайык,  жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 округдун айрым шайлоо тилкелериндеги участкалык комиссия төрагаларынын жоопкерчилиги каралат. Кошумчалай кетсек, 13-шайлоо округундагы мыйзам бузуулар боюнча бир нече билдирүү БШКга түшүп, анын негизинде добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылган.