БШК 4 шаардын мэрлерин шайлоону 11-июнга дайындады
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын облусунун Нарын шаарында, Ош облусунун Ноокат шаарында, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак шаарларында мэрлерди шайлоону дайындоо тууралуу токтом кылды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим БШКнын 25-майда өткөн жыйынында кабыл алынган.