SerepTV Logo

Шар аккан сууда агып бараткан кызды куткарган жигитти Бишкек мэриясы сыйлады

Шар аккан сууда агып бараткан кызды куткарган жигитти Бишкек мэриясы сыйлады
Борбор калаанын муниципалитетинде Залкарбек Сулайманов кызды сактап калгандыгы үчүн сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов тапшырып, ал камкор атуулга кайраттуулугу үчүн ыраазычылык билдирди. Кызды куткарып калган жигитке СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги байланышкан учурда ал мэрияга терең ыраазычылык билдирди. Залкарбек Сулаймановдун айтымында, мэрияга кыздын ата-энеси да чакырылган, тилекке каршы кыз толугу менен жакшы боло электиги үчүн алар келе алышкан эмес. "Учурда кыздын абалы жакшы экенин мэрияга барганда уктум. Куткарган күндөн бери кыз менен байланыша элекмин. Буйруса, жакын арада барып ал-абалын сурап кабар алам", - дейт Сулайманов. 10-июнда Аламүдүн-1 кичи районунда 10 жаштагы өспүрүм кыз шар аккан сууга агып кеткен. Аны жолдон өтүп бара жаткан адам сактап калган. SUPERTV каналы ошол жигитти таап, окуя кандай орун алганын өз оозунан уккан. https://youtu.be/dDIOfz4576g
Unknown Author