Боом капчыгайында таштарды атайын кулатып түшүрүү иштери жүргүзүлөт
Боом капчыгайында 7-июндан 11-июнга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. “Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.