SerepTV Logo

Боом капчыгайында кар жаап, туман каптап жатат (видео)

Боом капчыгайында кар жаап, туман каптап жатат (видео)
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кайрылып, Боом капчыгайында туман каптап жатканын билдирди. "Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы туман болуп, жаан карга айланып жаап жатат. Айдоочуларга бардык коопсуздукту жана жол эрежелерди так сактоого жана унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга которууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Уобдд Чуй (@uobdd.chuy)