Блогер Сыдыман боюнча акыркы чечим 24-мартта чыгат
Бүгүн, 16-мартта Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун иши каралды. Судья блогердин акыркы сөзүн 24-мартка белгиледи. Андан кийин чечим чыкмакчы.
10-марттагы соттук процессте Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тарткан. Блогердин адвокаты комиссиялык соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч келтирип, аны мамлекеттик айыптоо колдогон. Ал корутундуда "Сыдымановдун аракетинде аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес" деп табылган.
Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал 2020-жылы февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин блогер жаңылыштык кетиргенин моюнуна алып, элден кечирим сураган. Блогер Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 10 күндөн кийин үй камагына чыгарылган.
Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.