"Биз аны менен дем алганбыз". Бишкек ЖЭБи 86 миллион сомдук сапатсыз көмүр жаккан
Бишкек жылуулук электр борборуна сапатсыз көмүр берген жеткирип берүүчүгө 86 миллион 246 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумундагы жылуулук борборунун директору Андрей Воропаев тастыктады.
Анын айтымында, Бишкек ЖЭБге берилген көмүрдүн бир бөлүгү сапатсыз болгон.
“ЖЭБ 86 миллион сомдук сапатсыз көмүрдү жакты. Мындай көмүр пайда кылган булганыч абага шаар кантип туруштук берди болду экен? Канча адам ооруп, канчасы каза болду! Бул үчүн ким жооп берет?",-деп суроо салды жыйында депутат Бактыбек Турусбеков жылуулук борборунун директоруна.
Ошондой эле анда Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев көмүрдүн сапатына көзөмөлдү көз карандысыз эл аралык компанияга өткөрүп берүү ниети бар экенин айтты.