SerepTV Logo

Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким дайындалды

Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким дайындалды
Мирлан Эшкожоев Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн вице-мэр Руслан Акылбеков жаңы акимди райондук администрациянын жамаатына тааныштырды. Буга чейин Эшкожоев Ысык-Ата районунун статистика бөлүмүн жетектеп келген. Ал эми Октябрь районунун мурунку акими Данияр Арпачиев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.