SerepTV Logo

Бишкектин мэриясында жаңы шаар башчыга байланыштуу митинг өтүп жатат

Бишкектин мэриясында жаңы шаар башчыга байланыштуу митинг өтүп жатат
Бүгүн, 10-февралда Бишкек мэриясынын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Нааразы болуп чогулгандар мэрдин милдетин аткаруучу кылып башка адамды дайындоону талап кылып жатышат. Митингчилер бул кызматка Руслан Тагаевдин талапкерлигин колдорун айтышты. Алардын айтымында, шаар тургундарына мурда кылмыш иштерге аралашкандардын кереги жок жана алардын кызматка келүүсүнө жол бербеш керек. “Компетенттүү, иш билген адам кызматка келиши керек. Биз жаштардын келүүсүн каалайбыз. Анын артында эч кандай кылмыш иши болбош керек", - дешти алар. 9-февралда эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок премьер-министрдин бул чечими бир күндөн кийин жокко чыгарылганы жарыяланды. Бүгүн, 10-февралда эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруу Бактыбек Кудайбергеновго жүктөлгөнү белгилүү болгон.
edita