SerepTV Logo

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу президенттин иш башкаруучусу менен жолукту

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу президенттин иш башкаруучусу менен жолукту
Шаардык мэрияда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармасынын жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, жолугушууда келечектүү  маселелер жана Бишкек шаарын  өнүктүрүү боюнча долбоорлор талкууланган. Эске салсак, Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген.