SerepTV Logo

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев ишке киришти

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев ишке киришти
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев ишке киришти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Ал жамаатка бүгүн эртең менен тааныштырылды. Буга чейин белгилүү болгондой, Балбак Түлөбаев башка кызматка барат. 44 жаштагы Нургазиев «Эмма курулуш» компаниясын түзүп, жетектеп келет. 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, «Кыргызстан» партиясынан №44 орунга жазылган. Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ал эми шаардык кеңешти шайлоо 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган.
edita