Бишкектин мектептеринде баланы биринчи класска кабыл алуу үчүн электрондук кезекке туруу башталат
15-февралдан баштап Бишкектеги мектептерде баланы биринчи класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоо бир эле этап менен эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси - жашаган жериндеги мектептерге каттоого тургандар, экинчиси - жашаган аймагынан сырткары жайгашкан мектептерди тандагандар үчүн.
Онлайн каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:
-ата-эненин биринин паспорту же арыз тапшырган адамдын паспорту;
-жашаган жеринен билдирме (справка);
-баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү талап кылынат.
2021-2022-окуу жылында 1-класска киргизүү үчүн онлайн-арызды https://mektep.edu.gov.kg/ дарегине калтыруу керек.
Ошондой эле Бишкек шаарынын тургандары суроолор боюнча төмөнкү телефондоруна кайрыла алышат:
- Бишкек — 61-39-72, 61-23-40;
- Биринчи май району — 66-06-89;
- Ленин району — 65-68-93;
- Свердлов району — 53-63-38;
- Октябрь району — 51-18-20.