Бишкектин мектеп окуучулары менен мугалимдеринин дене табы күн сайын өлчөнөт
Бишкектеги окуучулардын жана мугалимдердин дене табы күн сайын өлчөнөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын административдик-укуктук бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Исакова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, көрсөткүчтөр журналдарга жазылат. "Бат кап режими сакталат, балдар колдоруна антисептик чачып турушат", - деди ал. Ал комиссия мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшергенин кошумчалады. "Медициналык пункт бардык мектептерде иштейт, дарыгерлер жана медайымдар иштеп жатышат", - деди ал.
Бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды.