SerepTV Logo

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 608 "тазалыкчы" иштеп жатат

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 608 "тазалыкчы" иштеп жатат
Борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, 35 даана атайын техника тартылып, жол тейлөө башкармалыгынын 12 кызматкери кызматка чыккан. Борбор калаада 608 "тазалыкчы" штаттык режимде иштеп жатат, 44 тонна техникалык туз колдонулган.