SerepTV Logo

Бишкектин жаңы вице-мэри Руслан Акылбеков жамаатка тааныштырылды

Бишкектин жаңы вице-мэри Руслан Акылбеков жамаатка тааныштырылды
Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган Руслан Акылбековду Балбак Түлөбаев бүгүн, 9-февралда жамаатка тааныштырды. Бүгүндөн тарта Бишкек шаарынын мэринин милдетин ишкер Эрмек Нургазиев аткарып баштады. Ал эми Б.Түлөбаев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Ал башка кызматка бара турганы айтылган. Р.Акылбеков буга чейин жеке юридикалык жана финансы компаниянын жетекчиси болгон. 2012-жылы Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп иштеген. Мурунку вице-мэр Азиз Алымкулов башка кызматка которулганына байланыштуу кызматтан бошотулган.
edita