SerepTV Logo

Бишкектин четиндеги көк бөрүдө каза болгон улакчы. Милиция териштирүү баштады

Бишкектин четиндеги көк бөрүдө каза болгон улакчы. Милиция териштирүү баштады
Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болгону маалымдалган. Кырсык боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти. "12-мартта болжол менен саат 10:00дө Көк бөрү федерациясы уюштурган мелдештин жүрүшүндө Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасынын оюну башталган. Болжол менен 10-15 мүнөт өткөн соң, кагылышуудан улам оюнчу аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн токтотулуп, жерине Тез жардам чакырылган. 1980-жылы туулган жаран ооруканага бара жатып жан берди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталды",- деп айтылат маалыматта.