SerepTV Logo

Бишкектин «Алтын-Ордо» конушунда жаңы мектептин курулушу башталды

Бишкектин «Алтын-Ордо» конушунда жаңы мектептин курулушу башталды
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын «Алтын-Ордо» жаңы конушундагы жалпы билим берүүчү жаңы мектептин курулушуна капсула салуу салтанатына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда өкмөттөн билдиришти. 480 окуучулук орунга эсептелген 3 кабаттуу мектеп Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Октябрь районунда 1,3 гектар аянтта жайгашкан. Андан соң Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки тилкесинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Аталган жолдун курулушу Ахунбаев жана Токомбаев көчөлөрүндөгү, ошондой эле Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги кыймылды азайтууга мүмкүндүк берет.
SuperTV