SerepTV Logo

Бишкектин айрым аймактарында 12 күн жаратылыш газы болбойт

Бишкектин айрым аймактарында 12 күн жаратылыш газы болбойт
Бишкектин айрым аймактарында 28-июндан 9-июлга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул аралыкта 1976-жылы пайдаланууга берилген жер алдындагы газ түтүктөрүн алмаштыруу жана ревизия иштери жүрөт. Газ өчүрүлүүчү аймактар: Садырбаев, Лев Толстой, Миңжылкыев, Тыналиев, Ала-Арча дарыясы, Масалиев көчөлөрү жана Жал-23, "Ротор" от казаны менен чектешкен аймактар. "Газпром Кыргызстан" жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тамак-аш даярдоо үчүн альтернативдүү энергетика булагына өтүүнү сунуштады.