Бишкектин айрым аймактарында 10 күн ысык суу жок болот
Бишкектин айрым райондорунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Фучик көчөсү №19/1 жер астындагы газ түтүгүндө газдын чыгып жатканына байланыштуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы жаратылыш газын берүүнү токтотуп жатат.
"Бишкектеплоэнерго" коммуналдык компаниясы 13-сентябрдан 24-сентябрга чейин ысык суу берүүнү токтотууга аргасыз. "Факел" отканасы кечээ өчүрүлгөн, бүгүн "КЕЧ-1", "КЕЧ-2", "Интернат-1" жана "ВЧ" отканаларынын жабылышы күтүлүүдө", - дешти мэриядан.