SerepTV Logo

Бишкектин административдик соту "Социал-демократтардын" доо арызын канааттандырган жок

Бишкектин административдик соту "Социал-демократтардын" доо арызын канааттандырган жок
Бишкектин административдик соту "Социал-демократтар" партиясынын доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетүү боюнча Бишкек аймактык жана борбордук шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууну суранган.