SerepTV Logo

Бишкектин 5 көчөсү оңдоо иштери үчүн жабылат

Бишкектин 5 көчөсү оңдоо иштери үчүн жабылат

Бишкекте 30-июлдан баштап реконструкциялоо үчүн дароо беш көчө жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөнкү көчөлөр жабылат:

  • Шабдан Баатыр көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн тартып Миң-Булак көчөсүнө чейинки 350 метрлик бөлүгү. Айдоочулар бул бөлүктү Сатыбалдиев көчөсү аркылуу айланып өтсө болот.
  • Турусбеков көчөсү Боталиев көчөсүнөн тартып, Ташкентский көчөсүнө чейинки узундугу 1200 метр болгон бөлүгү оңдолот. Курулуш маалында Манас проспектиси менен Махатма Ганди көчөсү альтернативдик көчөлөр болуп саналат.
  •  Фрунзе көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин дагы жаңылануу күтүп жатат. Айдоо үчүн альтернативдүү көчөлөр - Соң-Көл жана Казиев көчөлөрү. Ал эми Маликов көчөсү Гагарин  көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейин оңдолот. Репин көчөсү альтернативдүү жолго айланат.
"Реконструкциядан кийин оңдолуучу көчөлөрдө жүргүнчүлөр өтүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрден 9 метрге чейин болот, тротуарлар жана эки тарапка ирригациялык тармак курулат. Элебаев көчөсүндө унаа токтотуучу жай каралган",- деп айтылат маалыматта.