Бишкектин 17 көчөсүнүн тротуарлары оңдолот
Борбор калаанын 17 көчөсүнүн тротуарларын оңдоо пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Бишкек шаардык мэриясында өткөн жыйында «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Чолпонбаев билдирди.
Жыйында «Бишкек жашыл чарба», «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканаларынын 2021-жылга карата иш планы каралды.
“Алдыңкы приоритетте тротуарлардын курулушу турат. Бул жылы 17 көчөдөгү 21 миң метр узундуктагы тротуарларды калыбына келтирүү пландалууда. Ошондой эле Манас проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Жаш гвардия бульварына чейинки, Раззаков көчөсүндө Токтогулдан Түгөлбай Атага чейинки аралыктагы тротуарларды оңдоо иштери аяктайт”,- деп айтты Чолпонбаев