Бишкектиктердин батирлерине жылуулук берүү азырынча токтотулбайт
Бишкекте шаардыктарга жылуулук берүүнү токтотуу маселеси 2-апрелде каралмай болду. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБинде өткөн күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын пландуу жыйыны учурунда белгилүү болду.
Бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү сырттагы абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жакынкы эки күндө абанын орточо температурасы + 13... + 16 градус болот. Бирок 26-марттан 2-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, жаан-чачын катуу жаайт, абанын температурасы түнкүсүн -3 градуска чейин төмөндөйт, күндүз +3 ... + 8 градус жылуу болот.
Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын дарыгерлери жана эпидемиологдор баш калаада коронавирус жуктургандардын жана курч респиратордук вирустук инфекция белгилер менен кайрылган тургундардын саны өскөнүн белгилеп, жылуулукту токтотуу убактысын жылдыра турууну сунушташты.
Мунун баарын эске алуу менен шаардыктардын үйлөрүн жылуулуктан өчүрүүнү 2-апрелде кароо чечилди.