"Кооз граффитинин ордуна талапкерлердин баннерлери илинип жатат". Бишкектиктер нааразы болушууда
Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн символу катары тартылган граффитинин ордуна саясий партия үгүт баннерин илип алды. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары жазып, нааразычылыктарын билдиришүүдө.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="28924,28925"]
"Бишкекти кооздоп турган граффитини баннелер менен жаап салышууда. Сүрөтчүлөр ысыкта бул сүрөттү кандай эмгек менен тартышты эле. Бирок шайлоо келип эч нерсеге карабай талапкер кооздук берчү жана символ катары тартылган эмгекти жаап, плакатын илип алды", - деп нааразы болушууда соцтармак колдонуучулары.
Мындан улам SEREP MEDIA маалымат агенттиги граффитинин ордун баскан баннердин ээлерине байланышып көргөндө үгүт барагы ал жерден алынып салынганын билдиришти.