Бишкекти каптаган кара түтүн кайтып келеби? Бакыт Төрөбаевдин жообу
"Быйыл кара түтүн аз болот" деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 9-октябрдагы парламент жыйынында.
«Биз иштеп жатабыз. Мурда газдаштыруу кыйын болсо, азыр от казандарды ижарага алууга уруксат бердик. Ижарага алгандардын саны көбөйдү. Тариф боюнча да иштеп жатабыз», - деди ал.
Төрөбаевдин айтымында, Бишкек мэриясы текстиль калдыктарын өрттөгөндөргө айып пул салат. «Өткөн жылы түтүн аз болгонун көрдүк. Быйыл түтүн дагы азыраак болот», - деп кошумчалады ал.