Бишкекте жоголгон өспүрүм кыз табылды
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБден билдиришти.
2005-жылы төрөлгөн Сезим 31-майда Бишкектеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны Биринчи май РИИБдин кызматкерлери 6-июнда Улуттук филармония тараптан табышты. Абалы жакшы.