SerepTV Logo

Бишкектен Анталияга учкан аба каттамдардын саны көбөйдү

Бишкектен Анталияга учкан аба каттамдардын саны көбөйдү
Бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунан Анталияга авиакаттамдардын саны жогорулады. «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, туруктуу каттамдарды 4 авиакомпания ишке ашырууда. «Пегасус» авиакомпаниясы: • Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 4 жолу (дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби, ишемби) «Фри берд» авиакомпаниясы: • Анталия-Бишкек-Анталия - жумасына 4 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби, жекшемби) «Туркиш Эйрлайнз» авиакомпаниясы: • Анталия-Бишкек-Анталия - жумасына 2 жолу (дүйшөмбү, жума) «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы: • Анталия-Бишкек-Анталия – жумасына 3 жолу (шаршемби, бейшемби, жекшемби).
Unknown Author