SerepTV Logo

Бишкектен 13 автобус Токмок жана Балыкчы шаарларына берилет

Бишкектен 13 автобус Токмок жана Балыкчы шаарларына берилет
Бишкектен 13 автобус Токмок жана Балыкчы шаарларына берилет. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке борбордун мэриясынын балансындагы 13 коомдук транспортту Балыкчы жана Токмок шаарларынын мэриясына өткөрүп берүү тапшырылды. Шаар мэрияларына бул транспорт каражаттарын мыйзамда бекитилген тартипте өз баланстарына кабыл алуу тапшырмасы берилди.