SerepTV Logo

Бишкектеги Учкун кичи районунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Бишкектеги Учкун кичи районунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Туташууда бузулуулар аныкталгандыктан, Учкун кичи районуна жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда жеринде бригада иштеп, бузулган жерди аныктоо иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Төмөнкү даректер убактылуу өчүрүлгөн:

- Учкун кичи району, № 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24 үйлөр (А жана Б блоктору);

- Уч-Тулга көчөсүндөгү 15 участок; Казан Булак, 10.

Жылуулук берүүнү 25-октябрь болжол менен саат 16:00гө чейин калыбына келтирүү пландаштырылууда. Үйлөргө ысык суу берилет.