SerepTV Logo

Бишкектеги түнкү клубдардын иштөө убактысын кыскартуу сунушталды

Бишкектеги түнкү клубдардын иштөө убактысын кыскартуу сунушталды

Ишкер Аскар Салымбеков эл өкүлдөрү менен күч органдарына түнкү клубдардын иштөө убактысын кыскартуу сунушу менен кайрылды.

Ал Ботаникалык бактын жанында жашагандыктан таңкы саат 5-6да үйдүн жанындагы клубдан кыз-жигиттер мас абалында чыгарын айтты. Салымбеков мындай көрүнүш күндө кайталанарын, алар уруш-талаш менен коштолорун белгиледи.

"Клубдар түн жарымга, мейли, саат бирге чейин иштесин, бирок андан кийин жабылышы керек да. Түнкүсүн адам эс алып, эртең менен ишке кетиши керек", — деди ишкер.