SerepTV Logo

Бишкектеги тез татым жайында массалык уулануу катталды

Бишкектеги тез татым жайында массалык уулануу катталды

Бишкекте "Даамдуу" тез тамактануучу жайда массалык уулануу катталды. Жалпы 12 адам жабыркап, алардын алтысы ооруканада. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Мекеме Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы ага 41 миң сом айып салып, жагдайлар такталганга чейин жапкан.