Бишкектеги соода борборлоруна эмдөө пункттарын уюштуруу пландалууда
Бишкекте эмдөө пункттарын соода борборлорунда уюштурса болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымат боюнча, эпидемиологдор, дарыгерлер менен биргеликте мэрия эмдөө бөлмөлөрүнүн стандарттарына жооп бере турган кылып иштерди алып барууда. "Учурда соода борборлорун текшерүү ишин жүргүзүүдөбүз. Анткени эмдөөчү бөлмөлөр бардык талаптарга жооп берүү үчүн белгилүү шарттар бар. Ошондой эле, бөлмө жакшы желдете турган жерде болуш керек», - деп билдиришти.