Бишкектеги сейил бакта аттракциондун кабинасы кулаган сүрөт тарады
Бишкектеги Панфилов сейил багында аттракциондун кабинасы кулады. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирип, сүрөт менен бөлүшкөн.
"23-мартта Панфилов сейил багында аттракциондун кабинасы кулаган учурду көрдүк. Ичинде 2 бала отурган. Болжолдуу 2 метр бийиктиктен кулады. Балдар коркуп калышты. Алып чыкканда бири башын, экинчиси артын кармады. Аттракциондордун сезону башталды, тийиштүү органдар коопсуздугун карашса жакшы болмок",- деп жазган күбө.