Бишкектеги кампалардан табылган мөөнөтү өткөн кондитердик азыктар жок кылынды
Кечээ, 1-февраль күнү мөөнөтү өткөн 5 тонна шире жана 5 миңге жакын коробкадагы кондитердик азыктар жок кылынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
"Бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Иш Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин көзөмөлүндө. Ошол эле учурда Финансы полициясы республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү чараларды көрүүнү улантууда.
Урматтуу бизнес өкүлдөрү, эгерде сиз сатып жаткан азыктардын сактоо мөөнөтү өтүп кеткен болсо, талаптагыдай сапатка жооп бербей тургандыгын билсеңиз, пайда көрбөөгө жана элдин ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырабыз", - деп билдиришти мекемеден.
Финансы полициясы 2020-жылдын декабрь айында жана быйылкы жылдын 12-январында “Не сахар” долбоору менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар сакталган кампаларды аныкташкан. Анда таттуулардагы, шире жана ар кандай түрдөгү кондитердик азыктардагы таңгактарда чыгарылган күндөрүн кампанын ээлери оңдоп, өзгөртүп сатыка чыгарып турушканы белгилүү болгон эле.