Бишкектеги жолдорду жайында унаа аз кезде оңдоого болбойт беле? Вице-мэр жооп берди
"Бишкектеги жолдорду жайында унаа аз кезде оңдоого болбойт беле?" Мындай суроону бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Айканыш Ашырова мэриянын өкүлдөрүнө берди.
"Азыр болуп көрбөгөндөй унаа тыгындары болуп жатат",- деди ал.
Ага вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жооп берди. "Быйыл жолдорду реконструкциялоо иштери көп болгондуктан, күзгө чейин бүтүрүшүбүз керек. Былтыркыдай 25-майда баштасак, бүтпөй калабыз», - деп жооп берди.