SerepTV Logo

Бишкектеги Жал кичи районунун 29 үйү ысык суусуз калды

Бишкектеги Жал кичи районунун 29 үйү ысык суусуз калды

Жылуулук тармагындагы авариянын айынан Жал кичи районунун 29 турак үйүндө ысык суу жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык түн ичинде болгон. "Бишкекжылуулук" ишканасынын оңдоо бригадасы жеринде иштеп жатышат. Алар аварияны бир нече сааттын ичинде жоюуга убада беришүүдө.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.