Бишкектеги Исакеев көчөсүнүн тилкесинде унаа кыймылы чектелет
Бишкектеги Исакеев көчөсүнүн Ауэзовдон Валихановго чейинки тилкесинде унаалар үчүн жол кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Бул аталган тилкеде оңдоо иштери башталганына байланыштуу. Планга ылайык, жумуш жай айында бүтөт.
"Бишкек асфальт сервис" ишканасы 2021-жылдагы планга ылайык, жаздын алгачкы күнүнөн тарта шаар жолдорун тартипке келтире баштаганы белгиленди.
Жакынкы айда төмөнкү көчөлөрдө оңдоо, жол куруу иштери жүргүзүлөт:
- Левоневский көчөсүнүн Лев Толстойдон Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Каховская көчөсүнүн Тимур Фрунзеден Кривоносовго чейинки бөлүгүндө;
- Арал кууш көчөсүнүн Элебесовдон Дачага чейинки бөлүгүндө;
- Дача көчөсүнүн Арал кууш көчөсүнөн Керченск кууш көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Шевченко көчөсүнүн Жибек жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Васильев көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Жогорку Көк-Жар көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн "Кум Шагыл" ЖЧКсына чейинки бөлүгүндө.