SerepTV Logo

Бишкектеги эки оорукана Дүйнөлүк банктын эсебинен оңдолду

Бишкектеги эки оорукана Дүйнөлүк банктын эсебинен оңдолду
Бишкектеги эки оорукананын имараты Дүйнөлүк банктын эсебинен оңдолуп бүттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Ооруканалардын ремонту "COVID-19 инфекциясына чукул даярдануу" долбоорунун алкагында ишке ашты. 2020-жылы коронавирус күчөп турган маалда бейтаптарды кабыл алган Улуттук госпиталдын имараты жаңыланды. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун реанимация, патология бөлүмдөрү оңдолду. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 19-февралда жыйын өткөрүп, ооруга чалдыккандарды дарылай турган 3500 керебет жана реанимациялык 500 орун даярдоо чечимин кабыл алган болчу.
edita