SerepTV Logo

Бишкектеги "Дельфин" бассейни оңдоп-түзөөдөн өттү

Бишкектеги "Дельфин" бассейни оңдоп-түзөөдөн өттү
Бишкектеги "Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. "Кыска убакыттын ичинде дубалдар жаңыртылып, жер төлөдөгү түтүктөр алмаштырылды, жаңы электр зымдары орнотулуп, жарыктандыруу жана шып толугу менен жаңыланды", - деп жазылат маалыматта. Айрыкча полдорго өзгөчө көңүл бурулду. Ар бир зонага ылайык паркет, линолеум жана керамикалык плиткалар төшөлдү. Ошондой эле душ кабиналары жаңыртылды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="271549,271550,271552"]