Бишкектеги Ботаникалык бакта 9 чөө атып өлтүрүлдү
Бишкектеги Ботаникалык бактан бүгүн 9 чөө атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу "Турмуш" жазды.
Жырткычтарды жок кылууга калаа мэриясы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте мергенчилерди жалдаган.
Ушул эле бактан өткөн жумада бир чөө өлтүрүлгөн.