SerepTV Logo

Бишкектеги бассейнге чөгүп кеткен жигиттин апасы арыз жазды

Бишкектеги бассейнге чөгүп кеткен жигиттин апасы арыз жазды
Бишкектин Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан бассейндердин бирине жаш жигит чөгүп каза болгондугун Октябрь РИИБден тастыкташкан. Милицияга 22-октябрда саат 19:40та чакыруу түшкөн. Бул факты каттоого алынган. Милиция каза болгон жигиттин 20 жашта экенин тактаган. "Жигиттин апасы эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан",- дешкен милициядан. Бүгүн, 29-октябрда Октябрь РИИБге кайрылганыбызда, каза болгон жарандын апасы 28-октябрда арыз менен кайрылганын билдиришти. "Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен акыркы юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.