SerepTV Logo

Бишкектеги Балдарды коргоо борборунан чыгып кеткен кыздар табылды

Бишкектеги Балдарды коргоо борборунан чыгып кеткен кыздар табылды
Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм кыздар табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, кыздар кечээ, 19-мартта табылган. 15-мартта Ленин РИИБге жаран кайрылып, 2008 жана 2010-жылы туулган кыздарды табууга жардам көрсөтүүнү суранган. Кыздар көрсөтүлгөн күнү Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан чыгып кетишкен.