SerepTV Logo

Бишкектеги Балдарды коргоо борборунан чыгып кеткен кыздар табылды

Бишкектеги Балдарды коргоо борборунан чыгып кеткен кыздар табылды
Бишкекте изделип жаткан кыздар табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 18-март күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаанын аймагынан мурда жоголгон өспүрүм кыздар табылды. Буга чейин Ленин РИИБге жаран кайрылып, 2011 жана 2008-жылы туулган кыздар 14-март күнү Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан өз алдынча чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген.