SerepTV Logo

Бишкектеги балдар үйүнөн качкан 14 жаштагы Кристина Суханова менен Умар Анарбаев изделип жатат

Бишкектеги балдар үйүнөн качкан 14 жаштагы Кристина Суханова менен Умар Анарбаев изделип жатат
Бишкектеги Курчатов көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнүн тарбиялануучулары изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 21-июль күнү саат 12:30 чамасында 2011-жылы туулган Суханова Кристина Михайловна жана Умар Анарбаев балдар үйүнөн чыгып, кайтып барышкан эмес. Кимде-ким сүрөттөгү өспүрүмдөрдү көргөн болсо, 0 312 35 29 47, 0 555 32 29 90 номурларына чалсаңар болот.
edita