Бишкектеги "Балалык" сейил багынын жанында өскөн кара куурайлар өрттөлдү
Бишкекте курулуп жаткан "Балалык" сейил багынын жанындагы жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Буга чейин борбор калаанын жашоочулары социалдык тармактарга сейил бактын жанында кара куурайга окшогон өсүмдүктөр бар экенин жазып чыгышкан. "Эгерде кара куурай өскөн жерлер жөнүндө, баңгизаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы бар адамдар, өндүрүш жайлары жөнүндө билсеңиз, анда дароо милицияга кайрылыңыз", - дешти аталган кызматтан.