SerepTV Logo

Бишкектеги ашканадан тамактанган 22 киши ууланып, ооруканага түшкөн

Бишкектеги ашканадан тамактанган 22 киши ууланып, ооруканага түшкөн
Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан «№1 ашканада» массалык уулануу болгон. Бул маалыматты борбор калаанын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан тастыкташты. «Бул жарандар ашканага 25-26-май күндөрү барган. Чүйдөгү ооруканаларга 13 адам, Токмоктогу ооруканага 9 адам барган. Бейтаптар аталган ашканадан бризоль тамагын жегенин айтып жатышат. Учурда ооруканада эки бейтап дарыланууда. Калгандары абалы жакшырганда чыгарылган», - деп айтылат маалыматта. «№1 ашканага» 15 миң сом айып пул салынып, териштирүү, тактоо иштери аяктаганга чейин убактылуу жабылганы белгилүү болду.