SerepTV Logo

Мэрия: "Бишкектеги арыктарга сугат суу келди"

Мэрия: "Бишкектеги арыктарга сугат суу келди"

30-июнга караган түнү борбор калаанын арыктарына сугат суу келди. Ала-Арча дарыясынан Бишкек шаарынын арык тармагына 5 кубдан ашык суу, Асанбай каналынан 0,8 куб суу кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Түнү бою ишкананын директору баш болгон "Бишкек жашылдандыруу" ишкананын 40 кызматкери бардык сууну жөнгө салышты. Сугат суу арыктарга келгенге чейин ишкана түнкү автоматтык сугарууну жүргүзүшкөн. "Муниципалдык ишкана Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгы менен 40,274 миллион метр куб суу жеткирүү боюнча келишим түзгөн. Бирок мөңгүлөрдүн эришинин азайышынан улам, борбор шаарга суунун агымы азайган", - деп айтылат маалыматта.